www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кадамжай районунун Айрыбаз айылында мектеп окуучулары арасында рэкетчиликти, зомбулукту жана топтук мушташтарды алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чара өткөрүлдү.

Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн Айрыбаз милициянын айылдык бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Масалиев жана Майдан айыл аймактарындагы мектеп окуучулары жана жаштар менен жолугушууларды уюштурушту.

Иш-чаралар 23–29-сентябрь күндөрү өткөрүлүп жаткан «Лидер» операциясынын алкагында уюштурулду.

Жолугушууларда милиция кызматкерлери мектеп рэкетине жана зомбулукка жол бербөө, окуучулар арасындагы топтук мушташтардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Ошондой эле жаштарга жол кыймылынын эрежелерин сактоонун маанилүүлүгү тууралуу маалымат берилди.

Последние новости