www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айрым аймактарда сел жүрүп, таш кулашы мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел жүрүп, таш кулашы мүмкүн экенин эскертти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-августта күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда, айрыкча Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондорунда, Чүй облусунун Жайыл, Ысык-Ата, Чүй жана Кемин райондорунда, Нарын облусунун Кочкор, Жумгал, Ат-Башы, Ак-Талаа жана Нарын райондорунда, Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы, Чаткал, Токтогул, Тогуз-Тороо райондорунда, Ош облусунун Ноокат, Алай, Чоң-Алай, жана Кара-Суу райондорунда, Талас облусунун Бакай-Ата жана Талас райондорунун аймактарында сел жүрүшү жана унаа жолдордо таш кулоосу активдешиши мүмкүн.

Республиканын унаа жолдоруна сел жана таш кулоого кооптуу тилкелери, айрыкча:

Бишкек – Ош унаа жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426-чакырымдарында;

Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133-чакырымдарында;

Бишкек – Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-128-чакырымдарында;

Балыкчы – Бөкөнбаев унаа жолунун 64-117-чакырымдарында;

Талды-Суу – Арал унаа жолунун 4-5-чакырымдарында;

Ош – Исфана унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190-чакырымдарында;

Мырзаке – Кара-Шоро унаа жолунун 18-28, 32-37, 44-56-чакырымындарында;

Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 2-4, 12-13, 22-24 -чакырымындарында сел жүрүүсү жана таш кулоосу активдешүүсү мүмкүн.

Жол жүрүүдө этият болуп, коопсуздук чараларын сактоого чакырабыз. Өзгөчө кырдаалдарга кабылсаңыз “112” кызматына токтоосуз чалыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.

Последние новости