www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 6-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында «Кээ бир коммерциялык эмес уюмдардын отчеттуулук маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов белгилегендей, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2023-жылдын 7-июнундагы чечимин аткаруу максатында иштелип чыккан.

Конституциялык сот «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамдын 17-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүнүн ченемдик жоболору Конституциянын 1-беренесинин 4-бөлүгүнө, 2-беренесинин 2-бөлүгүнө, 23-беренесинин 1, 2, 4, 5, 6-бөлүктөрүнө, 24-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 36-беренесине, 55-беренесине, 56-беренесинин 1, 2- бөлүктөрүнө каршы келбейт деп тапкан.

Ошону менен бирге, жогоруда аталган чечимдин 2-пунктунда Министрлер кабинетинин аталган чечимдин жүйөлөштүрүү бөлүгүндө баяндалган укуктук позициялардан келип чыккан колдонуудагы укуктук жөнгө салууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырылган.

Талкууда депутат Эльвира Сурабалдиева кээ бир коммерциялык эмес уюмдардын отчетторундагы дал келбестиктер үчүн жоопкерчилик маселесин тактады. Депутат Чингиз Айдарбеков саясий партиялардын отчеттуулугун сурап, анын аныктыгын ким текшерет деген суроо салды. Нурлан Умтулов учурда саясий партиялар салык боюнча гана отчет тапшырарын билдирди. Депутат Гулшаркан Култаева билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирликтеринин ишмердүүлүгүндөгү ачык айкындуулукту камсыздоо, алардын отчеттуулугу тууралуу маселелерге көңүл бурду. Депутат Камила Талиева мыйзам долбоорунда каралган нормалар башка мыйзамдарда каралганын белгилеп, аны өзгөртүүнүн зарылдыгы жок деди ал. Депутат Улан Примов диний уюмдардын, анын ичинде мечиттердин отчет берүү маселесине кайрылып, аны аткаруу кыйынчылык жаратарын билдирди.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости