www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айрым жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Максат Асаналиев кызматынан бошотулганы айтылууда. Маалыматтарга караганда, анын ордуна Башкы прокурордун орун басары Малик Бектурганов дайындалган.

Азырынча бул кадрдык өзгөрүүлөр боюнча Президенттин Администрациясы же башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар расмий маалымат тарата элек.

Ошол эле учурда коомчулукта күч түзүмдөрүндө дагы кадрдык өзгөрүүлөр болушу мүмкүн деген божомолдор айтылууда. Айрым маалыматтарда Максат Асаналиевдин талапкерлиги Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына каралышы мүмкүн экени да жазылууда.

Белгилей кетсек, жогорудагы маалыматтар азырынча расмий түрдө ырастала элек. Расмий билдирүү жарыяланган учурда маалымат жаңыртылат.

Последние новости