www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Айыл чарбасын каржылоо — 10" долбоору боюнча 2 707 насыя берилди. Бул туурасында Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Статистика 25-мартка карата берилип, жеңилдетилген насыянын суммасы 1 миллиард 350 миллион сомду түзгөнү айтылат. Анын ичинен дыйканчылык категориясы боюнча 337 миллион сом кредит 801 адамга берилген. Ал эми мал чарбачылык багытында 1 881 кишиге 971,5 миллион сом тийген.
Эң аз сумма айыл чарба продукциясын кайра иштетүү категориясына бөлүнгөн. Бул жаатта иштөө үчүн 25 ишкер 42 миллион сом насыя алган.
Эске салсак, министрлер кабинетинин төрагасы быйыл жеңилдетилген кредит берүүчү "Айыл чарбасын каржылоо — 10" долбооруна 26 миллиард сом бөлүнгөнүн айткан. Бул багытта ишкер, фермерлерге насыя 6 пайыздык үстөгү менен берилет.
Булак: NazarNews.kg