www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл былтыркыдай сугат суу маселеси болбойт. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылы жаан-чачынга жана сугат суусунун берилишине байланыштуу түшүмдү жоготуу болбойт.

“Өткөн жылдагыдай сугат суу маселеси болбойт. Биринчиден, биз сугат тармагын быйылкы жылдын вегетациялык мезгилине даярдоо боюнча олуттуу иштерди жүргүздүк. Республикалык бюджеттен 6 эсе көп каражат бөлүнүп, суу адистери сугат тармагын даярдоого 630 млн сом жумшады. Бул даярдыктар жана болуп жаткан жаан-чачын түшүмдүн мол бошуна шарт түзөт деп ойлойм”, - деди ал.

Министр кошумчалагандай, сугат суусун бир эле учурда бардык каналдар аркылуу жеткирүү мүмкүн эмес, бирок тартипти сактоо менен маселени чечсе болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости