www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл картошкасын сата албай, жер төлөдө чирип жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун расмий маалыматына таянсак, 2023-жылы өлкөдөн жалпы 42,2 миң тонна картошка экспорттолгон. Алар негизинен Россия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан мамлекеттерине жөнөтүлгөн.

Картошканын баасы 2023-жылдын апрель айында 23,3 сом, май айында 30 сом, июнь айында 45 сом, сентябрь айында 30 сом, октябрь айында 25,2 сом, ноябрь айында 26,5 сом болгон.

Ал эми 2022-жылы апрель айында 25,6 сом, май айында 35 сом, июнь айында 40 сомду түзгөн.

Быйыл 2024-жылдын март айына карата республика боюнча кортошкага болгон орточо дүң баасы 10-12 сомдон, ал эми базарларда 18 сомдон 25 сомго чейин сатылууда.

Учурда Өзбекстан мамлекетине экспорттун көлөмүн көбөйтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, Кытай мамлекетине дагы картошканы экспорттоого сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 1-апрелдеги жыйында депутат Акылбек Түмөнбаев картошка маселесин көтөрүп, эл сата албай, жер төлөдө чирип, малга берип жатышканын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости