www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айыл чарба министрлигинде, анын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүндө 2021-2022-жылдарга карата жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча, жалпы 472 млн 357,2 миң сомдук финансылык тартип бузуулар жана кемчилдиктер аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Алар:

- каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар жана кем чыгуулар — 60 млн 147,1 миң сом;

- бюджеттин кошумча кошуп эсептелген кирешелери — 943,8 миң сом;

- Социалдык фонддун кошумча кошуп эсептелген кирешелери — 760 миң сом;

- бюджеттин чыгымдар бөлүгү жана башка төлөмдөр боюнча бюджеттин жоготуулары — 76 млн 019,5 миң сом;

- рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар — 289 млн 485,6 миң сом;

- эсепке алуу жана отчеттуулук тартибин бузуу — 45001,2 миң сом.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда сатылып алынган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүнүн жана жер семирткичтердин 2022-2023-жылдары керектөөчүлөргө сатылышына жана таратылышына утурлама аудиттин жыйынтыгында аныкталган 214 млн 397,9 миң сом жоготуу аныкталган.

Ал Ички иштер министрлигине укуктук баа берүү үчүн жөнөтүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости