www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин, анын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн 2025-жылдагы бюджетинин аткарылышына карата аудит аяктады. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдиришти.

Текшерүүнүн жыйынтыгында жалпы суммасы 722 млн 908,6 миң сомду түзгөн каржылык мыйзам бузуу менен кемчиликтер аныкталды.

Негизги мыйзам бузуулар:

  • кирешелерди бюджетке өз убагында которбоо — 535,2 млн сом (акы төлөнүүчү кызматтардан жана мүлктү башкаруудан), милдеттүү төлөмдөр боюнча 29,3 млн сом жана 312,7 миң сом айып пул.
  • эмгек акыга жана башка төлөмдөргө каражатты ашыкча сарптоо — 47,8 млн сом.
  • товардык-материалдык баалуулуктардын эсебинен — 7,7 млн сом.
  • бухгалтердик эсептеги жана дебитордук карыздагы мыйзам бузуулар — 42 млн сом.
  • курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмүн жогорулатып көрсөтүү — 5 млн сомдон ашык (толугу менен кайтарылды).
  • мамлекеттик инвестициялык долбоорлордогу мыйзам бузуулар — 13,8 млн сом.

Аудиттин жүрүшүндө бюджетке 560 млн 22,3 миң сом жана 3,8 миң доллар кайтарылган.

Эсептөө палатасы министрликтеги ички каржылык көзөмөлдүн начар деңгээлин белгилеп, мыйзам бузууларды жоюу, калган карыздарды өндүрүү жана каржылык тартипти бекемдөө боюнча милдеттүү көрсөтмө менен сунуштамаларды жиберди.

Последние новости