www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айылдарга өзгөчө статус берүүнүн талаптары кайра каралат

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев чек арага жакын жайгашкан өзгөчө статусу бар калктуу конуштарды тизмеге киргизүү критерийлерин карап чыгууну атайын комиссияга тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, Касымалиев Кыргызстандын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмесин аныктоо жана бекитүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын жыйынын өткөргөн. Анда айрым чек арадагы калктуу конуштарга мындай макам берүү боюнча мамлекеттик органдардын сунуштары талкууланган.

Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитовдун айтымында, мамлекеттик органдар тарабынан 73 калктуу конуш боюнча сунуштар киргизилсе, алардын 57си гана милдеттүү критерийлерге жооп берет.

"Касымалиев ведомстволор аралык комиссиянын өкүлдөрүн калктуу конуштарды тандоодо кылдаттык менен мамиле кылууга чакырды. Бул маселеге чынчылдык менен мамиле жасалбаган учурда тартиптик жаза чараларын колдонуу боюнча министрлер кабинетинин төрагасына кызматтык кат берилерин белгиледи", — дешти өкмөттөн.

Белгилей кетсек, өзгөчө статусу бар чек ара аймактарынын тизмесине 132 айыл жана 10 участок кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости