www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 13-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Бишкек ШИИББинин мурдагы жетекчиси Бакыт Матмусаевдин үстүнөн соттук отурум болду. Бул тууралуу адвокат Нурбек Токтакунов Фейсбук баракчасына билдирди.
Анын айтымында, Матмусаев оор кесепеттерге алып келген шалаакылык беренеси боюнча айыпталган.
"Соттолуучу өз күнөөсүн толук мойнуна алган жок. Эки күбө суракка алынды. Кийинки соттук отурум 25-июлда болот. Келип колдоп бериңиздер, болбосо милициянын күбөлөрүнүн көрсөтмөлөрү бүдөмүк болуп баштады", — деп жазган жактоочу.
Эске сала кетсек, Бакыт Матмусаев жана анын орун басарлары Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча коомчулукта нааразылык жараткандан кийин кызматтан алынган. Кийинчерээк Матмусаев укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.
27 жаштагы Айзада Канатбекова 2021-жылдын 5-апрелинде уурдалган. Кыздын жакындарынын айтымында, милицияга кайрылышканда көңүл бурушкан эмес, массалык маалымат каражаттарына жарыялангандан кийин гана активдүү издөө иштери башталган. 7-апрелде ала качкан адамдын унаасы шаардын сыртынан табылган. Анда зордукталган жана өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын жана аны уурдаган адам сөөгү табылган. Ууурдаган алдам кызды өлтүрүп, андан соң өз жанын кыйган. Иш резонанстуу болуп, коомчулукту дүрбөлөңгө салган. Адам уурдоо боюнча беш шериги соттолуп, бир катар милиция кызматкерлери дисциплинардык жазага тартылды. Кыздын үй-бүлөсү катаал жазаны талап кылууда.
Булак: NazarNews.kg