www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айзада Канатбекованын өлүмүнөн кийин иштен алынып, «Шалаакылык» беренеси менен айыпталган Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Бакыт Матмусаев акталды. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту билдирди.

Соттун маалыматында, Бакыт Матмусаевдин реаблитация болуу укугу бар.

Белгилей кетсек, соттук териштирүү бир жылдай жүрдү. Ага айып тагып, ишти кароого өткөрүү үчүн дагы бир топ убакыт талап кылынган.

Эскерте кетсек, Айзада Канатбекованын сөөгү 2021-жылдын апрель айында табылган. Милиция кызды уурдалган кийин 2 күн издеген. Окуядан кийин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги жана Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын бир катар кызматкерлери иштен алынган.

Бирок көп өтпөй алар кайра кызматка кайтып келип, ал эми Бакыт Матмусаев ИИМге иштеп жатканы маалым болот.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости