www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Россия жана Украина делегациялары менен сүйлөшүүлөрү абдан жакшы өтүп жатат, жакында позитивдүү билдирүү жасалат деп күтүлүүдө, деп билдирди Reuters агенттиги Ак үйдөгү булакка таянуу менен.

"АКШ президенти (Дональд Трамп. — Ред.) администрациясынын техникалык топтору жүргүзүп жаткан сүйлөшүүлөр абдан жакшы өтүүдө... Биз жакынкы убакта позитивдүү билдирүү болот деп күтүп жатабыз", — деди ал.

Россия менен АКШнын "техникалык командаларынын" эксперттик жолугушуусу дүйшөмбү күнү Москва убактысы боюнча саат 10:00дө башталган. Ал Эр-Рияддагы Ritz-Carlton мейманканасында жабык форматта өтүп, 12 сааттан ашык созулган. Москванын атынан Федерация Кеңешинин эл аралык комитетинин жетекчиси Григорий Карасин жана ФСБ директорунун кеңешчиси Сергей Беседа катышкан.

Кремлдин билдирүүсүнө ылайык, негизги тема – Кара деңиз демилгеси болгон, ал акыркы жолу Владимир Путин менен Дональд Трамптын телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө талкууланган.

Украина делегациясынын АКШ менен сүйлөшүүсү Сауд Аравиясынын борборунда жекшемби күнү өткөн.

Последние новости