www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия Украинада жетишүүнү көздөгөн алгачкы максаттарын өзгөртүп жатат. Бул тууралуу АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан дүйшөмбү күнү брифинг маалында билдирди.

Анын айтымында, Орусия он миңдеген аскерин Украинанын чыгыш жана түштүк аймактарына жөнөтүүнү пландоодо. "Орусиянын ыктымалдуулугу эң жогору болгон негизги максаты – аталган аймактардагы украин аскерлерин курчоого алуу жана жок кылуу. Москва кандай гана тактикалык ийгилиги болбосун, аны жетишкендик катары көрсөтүп, буга чейинки ийгиликсиз аскердик аракеттерин жабууга аракет кылат", — деди ал.

Салливандын айтымында, согуштун кийинки этабы узакка созулушу мүмкүн, анткени Украинанын чыгышында орус аскерлери саны жагынан көп жана алар согуш башталганга чейин жикчилдер көзөмөлдөп тургандан кыйла көбүрөөк аймакты каратып алууга аракет кылат.

"Түштүктө болсо Орусия Херсонду өз көзөмөлүндө сактап калууга аракет жасашы мүмкүн. Ошол эле маалда ал Украинанын башка аймактарына, анын ичинде Киев, Харьков, Львов жана Одесса шаарларына ракеталык соккуларды жасоосун уланта берет", — деди Салливан.

Ал жакынкы күндөрү АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы Украинага жаңы аскердик жардам берилерин жарыялай турганын кошумчалады.

Орусиянын аскерлери ээлеп турган маалда Украинанын Буча шаарында жайкын тургундар жапырт өлтүрүлгөн учурлар жөнүндөгү кабарлардан кийин батыш өлкөлөрү Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизүүгө, ошондой эле аскердик кылмышка баргандарды соттоо үчүн далилдерди топтоого көмөктөшүүгө даяр экендигин билдиришти. Дүйшөмбү күнү Джо Байден аскердик кылмыштары үчүн Орусиянын президенти Владимир Путинди сот жоопкерчилигине тартууга чакырган.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости