www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ак үйдүн басма сөз катчысы Карин Жан-Пьер Барак Обаманы Жо Байдендин ордуна АКШнын азыркы президенти деп атады. Анын сөзүнүн үзүндүсү Республикалык Улуттук Комитеттин (RNC) Twitter баракчасында жарыяланды.

"Ошентип, өзүңөр билгендей, бир саатка жетпеген убакыт мурун президент Обама билдирүү жасады", - деп Ак үйдүн басма сөз катчысы ката сүйлөдү.

Бул сөздөрдөн кийин журналисттер катуу күлүп, Жан-Пьер бир нече жолу кечирим сурады.

Маалымат катчынын кабары Огайо штатында 3-февралда химиялык заттарды ташыган поезддин рельстен чыгып кетишине тиешелүү экени белгиленген. Кырсыктын кесепетинен өрт чыгып, атмосферага зыяндуу заттар чыккан.

Эки жыл мурун, Ак үйдүн ошол кездеги басма сөз катчысы Жен Псаки да брифингде сөзүнөн жаңылып, Дональд Трампты президент деп атаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости