www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргыз эл Баатырлары” арасында маркум Болот Шамшиев да бар. Болот Шамшиевди эскерүү күнүнө карата Кыргызстандын элчилиги Түрксой менен бирге кече уюштурган. Болот Шамшиевдин өмүрү жана чыгармачылыгы боюнча кыска документалдуу фильм көрсөтүлгөн. Кино өнөрүндө совет учурунда “Кыргыз кереметин” жараткан кинорежиссерлордун бири Болот Шамшиев болгон. “Кыргыз кереметин” жаратууда бир гана Болот Шамшиевдин гана эмгеги эмес, ошол кездеги кинорежиссерлор Төлөмүш Океевдин, Геннадий Базаровдун да эмгектери бар, аны кыргыздар гана даңазалап, мактай берет деген ой болбосун.  Албетте, союз убагында азыркыдай телесериалдарды чыгаруу модага айланып кетпесе да, Гайдай, Эльдар Рязанов, Карен Шахназаров, Никита Михалков сыяктуу кинорежиссерлор орус элине классика боло турган көркөм фильмдери менен дүйнөгө из салышкан. Канча жылдар өтсө да булардын фильмдери өлбөс-өчпөс болуп, дайыма Орусиянын теле берүүсүнөн кайталанып берилип турат. Орусиянын мыкты теле берүүлөрү эсептелген “1 канал”, “Россия” жана башка учурдагы теле берүүлөрдө мурунку советтик, эми башка мамлекеттердин чыгармачылыгына көп анча кайрыла беришпейт. Орусияда деле улутчулдук, биз айткандай шовинисттик көз караштар орун алган. Ошондуктан, бир гана кино өнөрүндө эмес,  маданият, адабиятта бир учурда бүт социалисттик мамлекеттердин оозун ачырып турган Чыңгыз Айтматов, Болот Бейшеналиев, Бүбүсайра Бейшеналиева, Талгат Нигматуллин, Болот Шамшиев,  Динара Асанова сыяктуулар тууралуу чанда берип калышты.     Карен Шахназаров, Никита Михалковдор учурдагы орус кинорежиссерлорунун патриархтары, таланттуу адамдар өзү менен кесиптештер тууралуу кээде гана жакшы сөздөрдү айтышат. Бул тууралуу орустун мыкты куудулу Геннадий Хазанов мойнуна алып жатат. Арийне, ушундай улутчулдукка карабастан, Карен Шахназаровдун менен  Никита Михалковдун совет маалында болгон “Кыргыз керемети” тууралуу, Болот Шамшиев тууралуу жакшы бааларын берип жүргөнүн көп эле көрүп калабыз. Демек, “Кыргыз керемети” бир гана кыргыз элинин жүрөгүндө калбай, ошол мезгилде советтик көптөгөн элдин эсине кыттай бекип калганы, алардын сөздөрүнүн байкалып турат.

Чыңгыз Айтматов СССР учурунда орус филологиясы факультеттеринде атайын курс болуп кирип, Александр Пушкин, Лев Толстой, Михаил Шолохов менен бир деңгээлде окутула турган. Чыңгыз Айтматовдун жанында башка орус жазуучулары үстүртөн окулуп кетчү. “Кыргыз кереметинин” жаралышы да Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары менен байланыштуу. Азыркы шартта тескерисинче, Орусияда орус жазуучуларына басым жасалып, Чыңгыз Айтматов дүйнөлүк адабият курсунан үстүртөн окула баштаган.

Болот Бейшеналиев менен Талгат Нигматуллин орус кино өнөрүндө таасын из калтырып кеткен. Орус кинолорунда бул экөө көбүнчө чыгыш каармандарынын ролун ийнине жеткире аткарыша турган. Экөө тең орус кино өнөрүнүн классиктерине айланышкан, алар тартылган кинофильмдер мезгил-мезгили менен көрсөтүлүп турат.

Динара Асанова кыргыз эмес,орус киносун тартуу боюнча татыктуу орун алган, бирок бул да жаш кетип бирин-серин фильмдери калды.

Болот Шамшиев кино өнөрүнө жаңы кирип, татыктуулардын катарына кошулган маалда, ал кезде Кыргыз Жазуучулар Союзун титиретип турган Аалы Токомбаев белгилүү акын Төлөн Шамшиевди карап айткан деп жүрүшөт: “Төлөн Шамшиев –шедевр жаратты”-деп. “Шедеврдин аты эмне экен?” –деп сурашат да. “Болот Шамшиев!” –дептир Аалы Токомбаев . Бул сөз менен көп нерсени түшүнсө болот.

Арийне, “Кыргыз керемети” да аягына чыкты , бул мезгилдин өзүнүн мыйзамы, шедевр эсептелинген  Болот Шамшиев кыргыз киносунун тарыхында патриарх бойдон калат. “Бөрү карыса бий койлук алы бар” –деп, ал деле бир учурда мындай сөз айткан: “Садык Шерниязга “Курманжан датка” үчүн 80 миллион сом, “Тайлак баатырга” 100 миллион сом, Эрнест Абдыжапаровго 20 миллион сом табылды, азыр “Саякбайды” тартып жатат. Шамшиевге болсо жарым тыйын дагы бөлүнө элек. Киноматография департаменти мени такыр эле көрбөйт. Баары ачык-айкын болуп, көркөм фильмдерге тендер өткөрүлсө, мен да катышмакмын да” -деп.

“Ар куш өз учурунда сайрайт”,  Болот Шамшиев мыкты “сайрады”, кыргызга гана эмес дүйнөгө белгилүү кинорежиссер болду. Дүйнөлүк маанидеги маданият ишмери Болот Шамшиев тууралуу жакшы пикирлер жазылып жатат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости