www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ак-Өргө» конушунда  жаңы бала бакча  ачылды

Бүгүн, 2025-жылдын 25-декабрында, IV Элдик курултайдын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттик Администрациянын Жетекчиси Адылбек Касымалиев өлкө боюнча 94 социалдык жана өндүрүштүк объекттин ачылышына онлайн старт берди.

Бишкек шаарында 5 социалдык жана 1 өндүрүштүк объект пайдаланууга берилди. Жаңы социалдык объекттердин катарында Ленин районундагы «Ак-Өргө» конушунда  жайгашкан эки кабаттуу жаңы мектепке чейинки билим берүү мекемеси салтанаттуу түрдө ачылды.

Иш-чарага Ленин районунун акиминин орун басары Бакыт Караев жана бала бакчанын директору Эльмира Нурматова катышты.

Бала бакча  Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан 0,39 гектар аянттагы жер тилкесине курулган. Подрядчы уюм катары «Гипер Строй» ЖЧКсы иш алып барган. Мекеме бардык зарыл бөлмөлөр менен камсыздалып, коопсуздук жана ыңгайлуулук боюнча заманбап талаптарга толук жооп берет.

Бала бакчанын долбоордук кубаттуулугу 100 орунду түзөт. Билим берүү процессин натыйжалуу уюштуруунун негизинде 200 балага чейин камтууга мүмкүнчүлүк бар.

Объекттин пайдаланууга берилиши менен 20дан ашык жаңы жумуш орун түзүлүп, «Ак-Өргө»  конушунун мектепке чейинки билим берүү мекемелерине болгон кезек кыйла кыскарды.

 

Последние новости