www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аламүдүн районундагы Ак-Сай капчыгайында, деңиз деңгээлинен 3300–3400 метр бийиктикте жайгашкан аймакта таштандыларды тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Бул иштерди Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлери аткарышты.
Маалыматка ылайык, буга чейин Хижина Рацека аймагында таштандылар топтолуп калгандыгы боюнча билдирүүлөр түшкөн. Айрым эс алуучулар жаратылыш койнунда эс алгандан кийин таштандыларды ирээтсиз калтырып кетип жатканы белгиленген.
Мындан улам министрлик тарабынан аймакта тазалоо иштери уюштурулуп, чогулган таштандылар чыгарылды.
Жаратылыш ресурстары министрлиги бардык эс алуучуларды жаратылышты коргоо эрежелерин так сактоого чакырып, эс алуудан кийин таштандыларды калтырбоону, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууну жана экологиялык коопсуздукка зыян келтирбөөнү эскертти.