www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын облусундагы Ак-Талаа районунда учурда социалдык жана инфраструктуралык багыттагы 31 жаңы курулуш объектисинде иштер жүрүп жатат.
Облустук өкүлчүлүктөн билдиришкендей, 5-августта президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров Ак-Талаа районуна иш сапары менен барып, курулуп жаткан объектилердин жүрүшү менен жеринен таанышты.
Маалыматка ылайык, райондо маданий борбор, спорт комплекси, музыкалык мектеп, Ак-Талаа ГЭСи, үч мектеп, үч бала бакча, күч түзүмдөрүнө тиешелүү төрт объект жана башка социалдык маанидеги курулуштар жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, үч объектте капиталдык оңдоо иштери аткарылып жатат. Ошондой эле Нарын–Баетов жана Баетов–Макмал унаа жолдорунун жалпы 10 чакырымында, ал эми Ак-Тал–Чат–Казарман унаа жолунун 5 чакырым тилкесинде капиталдык оңдоо жана асфальт төшөө иштери жүргүзүлүүдө.