www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Москва районунда тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз көп кабаттуу турак жай куруп жаткан компанияны кара тизмеге киргизүү маселеси каралууда.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Москва районунун Ленин көчөсү, 99 дарегинде курулуп жаткан жети кабаттуу турак жайдын курулушу мыйзам талаптарын бузуу менен жүргүзүлүп жатканын аныктаган.

Маалыматка ылайык, буга чейин «Император Строй» ЖЧКсына карата акт түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган. Ошондой эле мыйзам бузууларды жоюу боюнча көрсөтмө берилип, курулуш иштери убактылуу токтотулган.

Бирок компания берилген талаптарды аткарбай, курулуш-монтаж иштерин улантканы белгиленет. Ушуга байланыштуу тиешелүү материалдар Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгына жөнөтүлгөн.

Мындан тышкары, «Император Строй» ЖЧКсынын лицензиясын 90 күнгө токтотуу жана компанияны кара тизмеге киргизүү маселеси мыйзамда белгиленген тартипте каралып жатат.

Последние новости