www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жаратылышты коргоо боюнча рейд учурунда уруксат кагаздары жок аңчылык куралын колдонгон жаран аныкталды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын аймактык башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн текшерүүдө Жылаңач жайлоосунан Конорчок айылынын тургуну М.А.К. кармалган.

Ал 20 калибрдеги сайсыз аңчылык куралды уруксат документтерисиз алып жүргөнү аныкталган.

Алынган курал Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп, тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле Арпа суусунан уруксатсыз жана балык уулоо эрежелерин бузуу менен балык кармаган үч жаран кармалып, алардын ар бирине 1000 сомдон административдик айып салынды.

Министрлик жарандарды жаратылышты коргоого жана экологиялык мыйзамдардын талаптарын сактоого чакырып, мыйзам бузууларды аныктоо боюнча рейддик иш-чаралар улантыларын билдирди.

Последние новости