www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Чүй-Бишкек башкармалыгы “Ак-Тилек” фитосанитардык текшерүү постунда текшерүү жүргүздү.
Текшерүүгө Россия Федерациясынан ташылып келе жаткан 35 м³ пиломатериал тартылган. Жыйынтыгында фитосанитардык сертификатта көрсөтүлгөн маалыматтар товарды коштоочу транспорттук документтердеги маалыматтарга дал келбей турганы аныкталган.
Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагындагы карантиндик фитосанитардык контролду жүргүзүү тартиби тууралуу Жобонун 3.7-пунктуна ылайык, аталган жүк Кыргыз Республикасынын аймагына киргизилбей, кайра артка кайтарылды.
Ведомство мындай текшерүүлөр фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу жана карантиндик зыянкечтердин жайылышын алдын алуу максатында жүргүзүлөрүн билдирди.