www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери УКМКнын мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте «Ак-Тилек—унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү пунктунда ири өлчөмдөгү дары-дармек каражаттарын, кездемелерди жана балык уулоочу шаймандарды мыйзамсыз ташып кирүү фактысына бөгөт коюшту. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган продукциялар өлкөнүн аймагына жеке колдонуу үчүн мурда колдонулган деген шылтоо менен алынып келген. Учурда жүктүн кимге таандык экендиги жана келтирилген зыяндар тууралуу маалыматтар такталууда. Кароонун жыйынтыгы боюнча иштин материалдарына юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.

Консолидацияланган жүктүн курамында ишкердик максаттар үчүн товарлар импорттолсо, алуучу импорттоочуну/ташуучуну ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттун максаттары үчүн салыктык каттоо жөнүндө маалым каттын каттоо номери жана товарларды эсепке алуу пунктуна андан ары берүү үчүн эсеп-фактура менен камсыз кылууга милдеттүү. Салык кызматы өлкөнүн аймагындагы эсепке алынбаган товарларды аныктоо боюнча ишин улантууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости