www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө пунктунда 1 млн сомдон ашык суммадагы эсепке алынбаган товарларды мыйзамсыз ташып кирүү аракетине бөгөт коюлду.
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик салыктык көзөмөлдүн жүрүшүндө Renault үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны текшерип, коштомо документтерде көрсөтүлбөгөн товарларды аныкташкан.
Алардын арасында аялдардын косметикалык каражаттары, кийим-кече, чач жуучу жана чачка кам көрүүчү каражаттар, ошондой эле башка эл керектөөчү товарлар болгон.
Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, мыйзамсыз ташылып келе жаткан товарлардын жалпы баасы болжол менен 1 млн сомду түзгөн.
Бул факты боюнча административдик айып салынды. Мындан тышкары, аныкталган товарларга карата камералдык салыктык текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында кошумча салык төлөмдөрү эсептелип, мыйзамда каралган санкциялар жана туумдар колдонулат.