www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга белгилүу ишкер Нурбек Осмоновго жерди арзан сатып алган деген бут тосуулар башталып, Башкы прокротура аларга коңгуроо каккан. Бирок алардын бул аракети көпчүлүктүн гана эмес аттуу-баштуулардын кыжырын кайнатты. Алардын катарын активист Шамурза Бөрүкулов дагы толуктайт.

--“Жүз уктап түшүбүзгө кирбей, жакынкы күндөрдө биз жашаган өлкөбүздө мындай жакшы окуялар болуп кетишинен үмүт деле кылбай калган болчубуз. Себеби, союз таркагандан бери бузганды, талап-тоногонду, уурдаганды өздөштүрүп, ал эми жаңы нерсени жаратуу эмне экенин эсибизден чыгарып койдук эле.

Келечектен үмүттөндүргөн, жаштарга үлгү болуп жакшылыкка үндөгөн мындай иштерди: өзүбүздүн эле кыргыздын уулу, Ош шаарынын Жапалак айылынын тургуну Нурбек Осмонов деген жапжаш азамат жигитибиз ишке ашырып жатат. Мына ушул Нурбек Осмоновдой азаматтар менен өлкөбүздүн бүтүндүгү, улутубуздун улуулугу, кыргыз элинин миңдеген жылкы тарыхы сакталып келген.

Акаев окшоп он беш жыл өлкө башкарып, бар нерсени бузуп, сатып, талкалап, ал эми ордуна бир да жаңы нерсе тургуза албаган шал президенттен көрө, Нурбектей уулдарыбыз миң эсе жогору турарын айта турган убак келди. Кыргызстанда иштеп жаткан завод, фабрикаларды менчиктеп алышып, аны иштеткендин ордуна бузуп, деталдарын Кытайга саткан Атамбаевдерди Нурбек Осмоновдун жанында адам деп эсептебесек деле болот.

Туулган жерине миллиондогон доллардык инвестиция тартып, келечекте жүз миңдеген иш орундарын ачып жаткан Нурбек Осмонов башкалар окшоп мактанбай, көкүрөгүн кагып: "мен кылып жатам" деп социалдык тармактардан соксоңдоп чыга бербей, кадимки эле башка жөнөкөй адамдардай эле арабызда жашап жүрөт. Өздөрү мактанбаган, кылган ишин даңазалап айтпаган аке-үке Нурбек, Айбек Осмоновдордун ишин биз айтышыбыз керек, биз жарыя кылып элге жеткиришибиз керек. Себеби булар биздин балдардын, келечек муундун эртеңин ойлошуп, өлкөдө ушундай чоң иштерди жасап жатышат.

Мындан тышкары келечекте 7 миң иш орундук текстил комбинатын кура башташты. Ошол комбинаттын ишинин алгачкы башталышына азыртадан даярдык көрүшүп, 500 адамды (жаштарды) чет жактан окутуп, адис кылганга даярдап жатышат. Ошол адамдардын баары өзүбүздүн кыргыздар. Атамбаев кыргызды Кытайга карыз кылганы аз келгенсип, ТЭЦти кытайлык специалистерге иштегенге берди. Бабанов: "Мен бизнесимди чет жакка ачкан мезгилде, “тоесть” 1995-1996 жылдары Кыргызстандын келечеги кандай болору белгисиз эле. Ошон үчүн Орусияга ачышка мажбур болгом" деп шылтоо тапкан.

А.Осмоновдор бүт иштерин Кыргызстанга ачып жатышат. Нурбек Осмоновдой эл уулдары көп болсо, биздин Кыргызстандай кичинекей өлкөбүз тез эле өнүгүп кетет. Эң башкысы, сыртта мусапыр болуп жүргөн кыргыздын кыз-жигиттери өлкөгө кайтышып, өзүбүздө иштешет. Нурбек, Айбек Осмоновдордун ата-энесине өзүмдүн үй бүлөмдүн, ушундай эл уулдарын тарбиялап чоңойтушканы үчүн рахмат айтып, таазим этем”, - деди Шамурза Бөрүкулов.

Кыргызстанда Нурбек Осмоновго окшогон кыргыз элин ойлогон ишкерлер жок го эсе. Таштандыга айланып жаткан жерди арзан алыптыр деп, укук коргоо органдары Нурбек Осмоновго карай таш ыргытканы “келесоолук” же “чыккынчылык”. Мындай кырдаалда Нурбек Осмоновдой ишкерлерге жерди акысыз берсе дагы болот. Өз уулун колдоп, коргой албай бут тоскон кыргыз, чет элден келген “инвестордун балакетин” алабы? – деген түйшөлткөн суроо жаралат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости