www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акаевдин кадрлары оңкосунан сайыла баштады

Тажикстанга эшекти элчи кылып койсо, кез-кезде айкырып турмак, Рустенбековдон дайын жок жүрүп, эми кызматынан бошоду. Акаевдин гана эмес андан мурунку компартиянын ишенген адамы Рустенбеков учурунда жаш комсомол Атамбаевдин саясий карьерасына жол ачкан. Эл Баткенге жардам берүү үчүн жанталашып жатканда 2018-жылдан бери  Тажикстандагы элчибиз Жаныш Рустенбеков эмне кылып койду? От менен ойногон Акаевдин “кол жоолугу” Рустенбеков тажик-кыргыз  чатагы  тууралуу жөтөлүп койсо болмок. Жаныш Рустенбеков кыргыз элине көп эле кордук көрсөттү, бирок анын акыркы кордугу өтүп кеткен.

Партократ Жаныш Рустенбеков накта трайбалист. Спикер жердеши Темирбек Кошоевге таянып 1987-жылы Бишкек шаарындагы Биринчи май райисполкомун жетектеп калат. Ошол жерге мурунтуктап жердеши Алмазбек Атамбаевди жетелеп келет. Атамбаевдин алгач саясий ишине Жаныш Рустенбеков бата берген.

Акаевдин жердеши президент болор партократ Жаныш Рустенбеков терисин тескери жамынат да демократка айланып Акаевдин президенттик аппаратын жетектеп, аны кол тийгис адамга айлантат. Акаевдин “аштоосунан” алыс чыкпаган Жаныш Рустенбеков “Госсекретарь” кызматы өтө жогорку элиталык мансап экенин түшүнүп, Акаевдин мамлекеттик катчысына айланат. Андан соң Султан Ибраимов иштеген Ош облусуна мен эмне иштей албайм деп, Ошко губернатор болуп кетет. Оштун эли Султан Ибраимовду жылуу жүз менен эскеришсе, Жаныш Рустенбековду ашынган трайбалист катары жек көрүү менен эстеп жүрүшөт. Ал аким жана башка облустук кызматкерлерге ачык эле рейдерлик менен акча салып, кызмат орундары, ал губернатор болуп турганда сатылма болуп калган. Өзбекстандын президенти Ислам Каримовду көргөндө күчүк сыяктуу көчүгүн кыйшалаңдатып, шыйпалаңдап кала турган. Менчиктештирүүдө өзбек тектүү элдин колдоруна май талкандарды салып берип, алардан жашыруун сугунуп тойгон эмес. Андан соң токой чарбасын жетектеп, парламентке  депутат болуп түк тойбоду.

Акаев Москвага кире качаар менен терисин “хамалеончо” кайрадан тескери кийип Өзгөчө кырдаалдар министрин баса жыгылды. Анын минитрге жараксыз экенин түшүнгөн бийлик Казакстанга элчи кылып айдап жиберген, ошондон бери элчилик кызматтан түшө элек.

Атамбаевди балакатка толоор менен саясатка сүйрөп келген Жаныш Рустенбеков андан жакшы сөз уккан жок. 2011-жылы элчиликтен келип президентке талапкердигин койот. Бирок акчага сараңдык кылып акча төлөбөй, Казакстандагы элчилик кызматтан жок, талаада калды.

2013-жылы  Мелис Мырзакматов башында турган “Улуттар Биримдигине” кирип, аны колдоого ала баштаган. Атамбаев анын жегич кыздарын торго түшүрүп, колун салаасынан көрсөтүп койду эле, Мелис Мырзакматов башында турган “Улуттар Биримдигин” ошол замат сатып, 2014-жылы Түркмөнстанга элчи болуп кеткен. Сооронбай Жээнбеков аны Түркмөнстандын элчилигинен алып салды эле, 2018-жылдын декабрынан Мирослав Ниязовду жыга сүзүп Кыргызстандын Тажикстандагы элчисине айланган. Рустенбеков кимди сатып Тажикстанга элчи болуп кеткенин саясатчылар билет. Тажикстанга эшекти элчи кылып койсо, кез-кезде айкырып турмак, Рустенбековдон дайын жок жүргөн.

Баткенде болгон чыр-чатакта эмне чыгымдар болгон, ушундай кезде Тажикстандагы элчини жер соруп кетип, 2021-жылы апрелде Кыргызстанда 36 адам атылып, алардын ичинде 3 жоокер болсо, жаш балдарды кошуп эсептегенде 33 тынч жашаган жергиликтүү жашоочулар жок кылынган. 149 адам жаракат алган. Тажикстанда 16 адам курман болгон. Жаракат алгандар тактала элек. Тажиктердин огунан запкы жегендер: 107 турак-жай, 10 май куйуучу станция, 8 дүкөн, 5 мамлекеттик мекемелер, 4 соода түйүнү, 4 социалдык обьекттер, 2 мектеп, бала бакча, фельдшердик-акушердик пункт. Тажикстан боюнча 14 турак жай зыян тартып, үч үй, мектеп, курулуш тармагы тең жарымынан зыян тарткан.

Баткенде болгон чыр-чатактардан улам запкы жегендерге гуманитардык жардам берүү максатында элдик дипломатия кызуу жанданды. Былтыр коронавирус убагында элге жардамын аябаган «Исмаил-Ата» фонду алгачкылардан кол сунду. "Ихлас" курулуш холдингинин генералдык директору Нурбек Осмонов Баткен облусунда жабыркагандарга 20 үй куруп берүүнү чечти. Жогорку Кеңешинин депутаты Урмат Самаев Баткен шаарындагы үйү өрттөнүп кеткендергежардам кылып 1.000.000 сом бөлдү. Булардын артынан көптөгөн кыргыздар жардам берип жатышат. Алардын элди ойлоп жүргөндөрү кубандырат. Эл өзү күбө болупр, бул ирет дагы өз жардамын аяшпай Баткендеги бир туугандарга кол сунуп жаткандарга ыраазы болууда.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости