www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-- Акбөкөн Дүкенович, кесиптешиңиз Адахан Мадумов регламентке өзгөртүү киргизип, жумасына төрт күн кеңешме өткөрүүнү, түштөн кийин комитеттерде иштөөнү сунуштады эле. Бирок, ал сунуш колдоо тапкан жок. Кандай дейсиз, Жогорку Кеңеш ошондой тартипте иштегени туура болобу?
-- Негизи биз мурда ошентип эле иштегенбиз. Ошол эле оң го деп ойлоп атам. Бүгүн деле дээрлик ошондой эле. Биз эки күн кечки саат алтыга чейин иштеп жатпайбызбы. Бир жумада бир жолу же фракциянын, же комитеттин жыйыны болот.
Баары бир комитетке барышың керек. Комитеттин мүчөсү болбосоң да көп мыйзамдарды талкуулоого катышып, сунуштарыңды бересиң. Ошол жактарын караганда, сунуш туура эле.
-- Демек, сиз колдойсуз?
-- Колдойм. Түшкө чейин кеңешме өткөрүп, түштөн кийин комитетте иштегенибиз туура эле болмок.
-- “Азыркы регламент көп талаштарды жаратууда. Аны жаңылаш керек” деген сунуштар бар. Сиз кандай ойдосуз?
-- Бир тобубуз бир мандаттуу округдардан келдик да. Азыркы иштеп жаткан регламентте бир мандаттуу деген жок. Депутаттык топ деген да жок. Ошон үчүн жаңыртыш керек. Регламент Конституцияга карама-каршы келген жерлер да көп.
Жаңы сунушталып жаткан долбоордо да кээ бир нерселер жок экен. Мисалы, депутаттык иликтөө. Иликтөө десе эле кээ бирөөлөр тергөөчү менен прокурордун милдетин түшүнүшөт экен. Жок, андай эмес.
Мага мисалы, суу маселеси боюнча келишти. Мен депутаттык иликтөө жүргүзсөм, мыйзам бузуулар көп экен.
-- Жогорку билим боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?
-- Элдик депутат дегендин өзү бузулуп калбадыбы. Мурда саанчы, чабан, ширетүүчүлөр депутат болгондо сонун эле жашабадык беле? Биз “жогорку билими барлар келсин” деп туура эмес кылып жатабыз.
-- Бирок, мыйзам жазганга сабаттуу, билимдүү кишилер керек да?
-- Мыйзамдын баарын өкмөт жазып келип атпайбы. Айталы, билим берүү жөнүндөгү мыйзам болсо, долбоорду билим берүү министрлиги даярдайт. Анан депутаттардын арасында мугалим болсо, “болот”, же “болбойт” деп карап отурат.
Негизи, элдин өкүлдөрү отуруп, “туура эмес мыйзам өтүп кетпесин” деп көзөмөлгө алып туруш керек болчу. А биздечи? Мага окшогон байлар келип алды да, ачыгын айтканда...
Булак: Азия News гезити