www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн парламенттик шайлоодо, тагыраагы, 2015-жылдагы Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо кайсы партия канча миллион акча чакчаны тууралуу маалымат тарады.

Бул маалыматты “Үмүт 2020” саясий кыймылынын түзүүчүсү, парламенттин мурунку депутаты (“Ата Мекен” фракциясы), Чыңгыз Айтматовдун кичүү кызы Ширин Айтматова таратты.

Андагы маалыматка ылайык, 2015-жылкы шайлоодо “Ата Мекен партиясы – 80,6 миллион, “Кыргызстан” – 79,1, “Бир Бол – 89,3, “Өнүгүү-Прогресс – 119,1, “Республика-Ата-Журт” – 130,8 жана КСДП – 103,2 миллион сом акча чачышкан.

Бул албетте, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан расмий айтылган гана сандар, а мыйзамга ылайыктап айтылбаганы, “левый” жолдор менен чачылганы канча? Ким санайт?

Айтор, элден түшкөн же эл жонунан “тилинип” алынган акчаларды “саясий сойкулар” атка конгон саясий партиялар кайра эле ошол элдердин өзүнө упчу сымал эмдирип келишүүдө.

Дегеле коомучулук ойгонобу? Же адаттагыдай эле келе жаткан шайлоодо дагы упчу ээмп кала беребизби?   

Булак: NazarNews.kg

Последние новости