www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акимдик кызматка орноштурууну убадалап 50 миң доллар алып качып кетүүгө шектелген жаран кармалды. Бул туурасында Бишкектин Бириничи май райондук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, былтыр 21-июнда РИИБге Т.И. аттуу жаран кайрылып О. Б. жана Ш. Т. деген адамдарга чара көрүүнү суранган. Алар “өлкө жетекчилиги менен байланышым бар” деп облустагы райондордун бирине аким кылууга убада берип, жабырлануучудан 50 миң доллар алган. Бирок андан кийин из жашырган.

Бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык”) менен кылмыш иши козголгон. Натыйжада 32 жаштагы О.Б. шектүү катары кармалды. Милиция ал ушул сыяктуу башка кылмыштарды да жасап жүргөнү аныкталып жатканын белгиледи.

Анын инициалдары соцтармактын активдүү колдонуучусу Бекзат Өмүрбековго дал келүүдө.

Бишкек милициясы шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткандар же кандайдыр бир маалыматты билгендер болсо төмөнкү телефон номерлери аркылуу билдирүүнү өтүнөт: 0(700) 00-20-20 жана 102.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости