www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Саламатсызбы Акин мырза, учурда камакта жаткан Садыр Жапаровдун “соттун чечимин колубузга берген жок” деп айттыңыз, чын элеби?

-Ооба, соттун чечимин күндөн кийин беребиз деп соттун чечимин бербей, мени да киргизбегенге аракет кылышты. “Сен сотко кирсең бүт коомчулуктун баарына болгон окуяны жайып жибересиң, сени биз залдан чыгарышыбыз керек”, деп 20 мүнөттөй талкуу жүрүштү. Анан араң сүйлөшүп олтуруп мени соттук отурумга катыштырышты.

-Садыр Жапаровду көргөндө эмнени байкадыңыз?

-Садыр Нургожоевичтин кебетеси өзүн-өзү адекаттуу кылбай турат. Мен ойлоп атам бул көрүнүш жакшы эмес.

-УКМКнын абагына которула турган болдубу?

-Жок которулбайт, мурунку жерине кайтат, мындан ары да Садырга кысым болот деп ойлоймун.

-Садыр Жапаровдун жүзүдө коркуу сезими барбы же жокпу?

-Жок, анын кебетесинен көздөрүнөн коркуу сезими билинбейт, бир гана кайдыгерлик мамиледе турат. Садыр Жапаров кадимки уйкудан жаңы ойгонуп, эмне болуп жатканын сезбегендей, “жетелеме” болуп калгандай, “иии”, “ооба” деген сөздөн башкага жараган жок.

-Рахмат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости