www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акматалиев лицензиялык мелдештин жарым финалына чыкты

Эркин күрөш боюнча балбан Эрназар Акматалиев Бишкекте өтүп жаткан Азиялык лицензиялык мелдештин жарым финалына чыкты. Бул мелдеште Олимпиада оюндарына лицензия ойнотулууда.

Эрназар Акматалиев 65 кг салмакта күч сынашууда. Ал таймашты 1/8 финалдан баштап, алгач ирактык балбанды 10:0 эсебинде жеңди. Чейрек финалда монголиялык Цогбадрах Цевинцуренге 12:6 эсебинде жеңилүү ызасын тарттырды.

Жарым финалда ал түндүк кореялык Кванг Жин Ким менен күрөшөт. Беттештер саат 18:00до башталат.

Белгилей кетсек, жарым финалда жеңишке жеткен спортчу Олимпиада оюндарына лицензия алат. Финалдык беттештер болбойт.

Буга чейин 57 кг салмакта Бекзат Алмаз Уулу жана 74 кг салмакта Орозбек Токтомамбетов жарым финалга чыккан.

Бишкектеги Азиялык лиценциялык мелдеште эркин күрөш боюнча олимпиадалык деп эсептелген 57, 65, 74, 86, 97 жана 125 кг салмактарда жолдомо ойнотулууда. Ар бир салмакта финалда чыккан экиден балбан Олимпиаданын лицензиясына ээ болот.

Азыркы тапта кыргызстандык балбандарда эркин күрөштөн Олимпиаданын лицензиясы жок.

20-апрелде балбан кыздар, 21-апрелде грек-рим балбандары Олимпиаданын жолдомосу үчүн күч сынашат. Булак:NazarNews.kg

Последние новости