www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Медициналык комиссиянын кортундусуна ылайык, Орусиядагы эң эле тажрыйбалуу делген космонавт Федор Юрчихин учууга даярданбай калды. Мындай чечимге космонавтарды машыктыруу борбору келген.

Тагырагы дарыгерлер Юрчихиндин ден соолугу машыгууга жана космоско учууга болбой турганын айтышкан. Ал эми космонавтын өзү буга чейин Айды бир жолу чалгындап келүү максаты бар экенин айтып келген болучу. Ошентсе дагы дарыгерлердин корутундусунан кийин башка аргасы калбаганын билдирген.

Белгилей кетсек, быйыл туура 60 жашка чыккан Федор Юрчихин дүйнөдө 423-космонавт. Ал эми Орусия боюнча 98-космонавт. Ал беш жолу космоко учкан, космостогу жашаган жалпы убактысы 672 сутка 21 саатка туура келген. Ошонун ичинде 9 жолу ачык космоско чыгып, жалпысы 60 сааттай убакыт өткөргөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости