www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Американын Афганистан жана Ирактагы аскеринин саны 15-январга чейин 2,5 миң адамга чейин кыскарат. Бул тууралуу АКШнын коргоо министринин милдетин аткаруучу Кристофер Миллер брифингде билдирген.
Анын айтымында, мындай чечим президент Трамптын буйругуна жана күчтөрдү кайрадан топтоо планына ылайык кабыл алынган. Миллер белгилегендей, бул өлкөлөрдөгү америкалык аскерлердин санын кыскартуу АКШнын планына жана стратегиялык кызыкчылыктарына дал келет.
Азыр Афганистанда 4 500, ал эми Иракта 3 000 америкалык аскер жайгаштырылган.
Буга чейин бир катар ЖМКлар Пентагонго 20-январда боло турган Жо Байдендин инаугурациясына чейин аталган өлкөлөрдөн аскерлерди чыгарууну тездетүү буйругу берилгенин жазып чыгышкан.
Февраль айынын аягында Катарда өткөн салтанатта АКШ менен талибандар дээрлик 18 жылдык согуштан кийин тынчтык келишимине кол коюшкан. Анда 14 ай ичинде Афганистандан чет элдик аскерлердин чыгып кетиши жана туткундарды алмашуу келишиминен кийин афган аралык диалог башталганы айтылган. Бул келишимдин алкагында АКШ аскерлери Афганистандагы беш базадан чыгып кетишкен.
Мамлекеттик катчы Майк Помпеонун айтымында, АКШ 2021-жылдын май айында Афганистандагы аскерлерин толук чыгарып кетүүнү пландаган.
Булак: NazarNews.kg