www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ өткөн жума ичинде Орусиядан нефть алуунун көлөмүн 43 пайызга, башкача айтканда, суткасына 100 миң баррелге чейин көбөйттү. Бул тууралуу РФ Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Михаил Попов айтканын РИА Новости жазды.

"Европаны антирорусиялык санкция киргизүүгө мажбурлаган АКШ азыр нефть импортунун көлөмүн көбөйтүп жатат. Өткөн жумада "кара алтындын" көрсөткүчү 43 пайызга жетти, бул суткасына 100 миң баррель дегенди түшүндүрөт. Мындан тышкары, Вашингтон өз компанияларына Орусиядан минералдык жер семирткич алууга уруксат берди", — деген Попов "Комсомольская правда" гезитинин кабарчысы менен болгон маек учурунда.

Анын айтымында, Европа АКШдан дагы далай күтүүсүз "белектерге" ээ болот. Попов "Вашингтон азырынча европалыктарга жооп берүүгө жол бербей жатканын" белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости