www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америка бийлиги Украинага ири өлчөмдөгү курал-жарак жеткирүүдөн улам Тайванга курал-жарактын жетишсиздигине тынчсызданууда. Бул тууралуу Wall Street Journal жазып чыкты.
Басылманын айтымында, АКШ өкмөтү жана Конгресстин өкүлдөрү Кытай менен мамиленин начарлашынын фонунда Тайванга 19 миллиард доллар өлчөмүндөгү курал-жарак жеткирүү планын ишке ашырууда кыйынчылыктарга туш болот.
Вашингтондун Киевге жардамы буга чейин Пентагондун Тайванга жеткирилишин чектеп койгон, деп жазат гезит. Ошентип, АКШ Тайбэйге 2015-жылдын декабрында буйрутма берилген 208 Javelin танкка каршы системаларын жана 215 Stinger зениттик-ракеталык комплекстерин ушул күнгө чейин жеткире элек.
Эске салсак, буга чейин америкалык журналист Жеймс Холмс Пекиндин Вашингтонду Тайванга каршы гипотетикалык согушта жеңгенин "тымызын" деп атаган. АКШнын армиясы Тынч океандын батышында Кытайга каршы көп жана үзгүлтүксүз күйүүчү май, ок-дарылар жана тамак-аш менен камсыз кылбаса, эч нерсе кыла албайт, деди ал.
Булак: NazarNews.kg