www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ–Борбор Азия экономикалык форуму өттү

Казакстандын Алматы шаарында 13-15-март күндөрү Борбор Азиянын беш мамлекетинин АКШ менен экономикалык кызматташтыгы талкууланган форум өттү. B5+1 форматында уюштурулган алгачкы жыйынга Кошмо Штаттардын, Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын бизнес өкүлдөрү катышты.

2015-жылы ноябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында C5+1 саммити тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде уюштурулган. 2023-жылдын сентябрында ушул эле форматтагы саммит Нью-Йоркто алгачкы жолу президенттер деңгээлинде өткөн, ага Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчылары жана Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден катышкан.

Жыйынтыгында кабыл алынган Нью-Йорк декларациясында АКШнын беш өлкө менен экономикалык өнөктөштүгүн кеңейтүүгө багытталган B5+1 (В – бизнес) платформасынын зарылчылыгы айтылган.

Алматыда өткөн форумга АКШдан мамлекеттик катчынын Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Жон Марк Поммершайм жана Улуттук коопсуздук кеңешинин президентинин атайын жардамчысы баштаган делегация катышты.

Анда Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана АКШнын ишкерлери үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөр, бизнес интеграция, атаандаштык шартын түзүү, инвестиция тартуу маселелери талкууланды.

Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташтык жөнүндөгү макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган.

Жаңы келишимди даярдоо процесси бир нече жылдан бери уланып келе жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости