www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Документти БУУнун Коопсуздук кеңешинин 15 мүчөсүнүн 13ү, анын ичинде Орусия да колдоду. Британия добуш берүүдө калыс калды. Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ) иштеп чыккан долбоорго 97 өлкө авторлош болгон.

АКШнын БУУдагы элчисинин орун басары Роберт Вуд резолюцияны "тең салмаксыз жана чыныгы турмуштан алыс" деп атап, ал оң өзгөрүүлөргө алып келбей турганын билдирди. Вуд документтин авторлору Кошмо Штаттары жана Евробиримдик террордук уюм деп тааныган ХАМАС тобунун Израилге чабуулун айыптоону киргизүүдөн жана курман болгондорго көңүл айтуудан баш тартканын белгилеп, муну “кабыл алынгыс" деп атады.

Палестинанын БУУдагы өкүлү Рияд Мансур АКШны "кош стандарттык" үчүн айыптап, америкалык вето "аскердик жаңы кылмыштарды жасоого көбүрөөк убакыт берерин" билдирди.Мурдараак БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш уюмдун уставынын 99-беренесин колдонуу менен Газа тилкесиндеги ок атышууну гуманитардык максатта токтотууга чакырып, Коопсуздук кеңешине кайрылган.

ХАМАС башкарган Газа тилкесинин Саламаттык сактоо министрлиги согуш тутангандан бери 17 миңден ашуун палестиналык каза тапканын кабарлады.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости