www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Борбордук чалгындоо кызматы жарыялаган докладда 2040-жылы планетада климаттын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу ири аскердик тирешүүлөр башталаары божомолдонот. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Климаттык абал жылдан-жылга начарлап бара жатат. Мындан улам ар бир мамлекет өз кызыкчылыгын коргоо максатында аракеттерди көрүүдө. Мисалы, ар башка өлкөлөр ресурскуа жетүү үчүн кесепети кургакчылыкка же тетирисинче, суу ташкындарына алып келчү геоинженериялык технологияларды пайдалана баштайт. Мунун айынан "климаттык кагылышуулар" башталат. Кытай менен Индия температура көтөрүлчү аймактарды аныктоо боюнча чечүүчү роль ойнойт", — деп айтылат докладда.
Ошондой эле, докладдын авторлору климаттык өзгөрүүлөргө көнүп кетүүгө бардык эле мамлекеттер даяр болбогондуктан, айрым өлкөлөр ортосундагы пикир келишпестиктер күчөгөндөн күчөй берет дейт. Серепчилер "климаттык кагылышуулар" 11 мамлекет ортосунда өзгөчө курч болоорун божомолдоодо. Кеп - өзөктүк куралы бар Кытай, Индия, Пакистан, Түндүк Корея сыяктуу өлкөлөр тууралуу.
Булак: NazarNews.kg