www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчилиги 13-октябрда Кыргызстандагы конституциялык тартипке каршы коркунучтар тууралуу билдирүү таратты.

Анда:

«Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасындагы тынчтык жана демократиялык өзгөрүүлөрдү колдойт. Толугу менен ачык көрүнүп тургандай, демократиялык процесстердин жолунда турган бөгөттөрдүн бири – уюшулган кылмыштык топтордун саясат менен шайлоого таасир этүү аракети. Буга 4-октябрдагы шайлоодогу добуш сатып алуу, 9-октябрдагы "Ала-Тоо" аянтындагы зомбулук жана коркутуулар, ошондой эле 10-октябрдагы парламенттик жыйындагы бузуулар далил болуп турат.

Кошмо Штаттары президент Сооронбай Жээнбековдун, саясий лидерлердин, жарандык коомдун жана мыйзам талдоочу окумуштуулардын өлкөнүн саясий турмушун конституциялык тартипке кайтарып келүү аракеттерин колдойт. Жарандар жана алардын лидерлери уюшулган криминалдын жана коррупциянын саясаттагы таасирине каршы күрөшүн улантуусу зарыл. Кыргызстандын конституциясын аткаруу жана мыйзам үстөмдүгү башкы максат болушу тийиш.

Кошмо Штаттары кыргыз элин колдоп, жана Кыргыз Республикасынын бардык кошуналарын жана эл аралык өнөктөштөрүн Кыргызстандын эгемендүүлүгүн урматтоого чакырат. Анткени, кыргыз эли бул маселелерди чечүү үчүн зомбулуксуз жана өз алдынча иш алып барууда», - деп айтылат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости