www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 13-октябрда болжол менен саат 17:45 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Фучик көчөсүнөн кичинекей кыз жоголду деген маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын Басма сөз кызматы билдирди.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 2012-жылы туулган К.А аттуу кичинекей кызын издеп жаткан эне, Милициянын кайгуул кызматкерлерине болжол менен саат 12:00 чамасында кызы үйүнөн ойноп чыгып кеткен боюнча келген жоктугун, ошондон бери издеп жаткандыгын белгилеп, издеп таап берүүнү өтүнгөн.

Чакыруу менен келген Милициянын кайгуул кызматкерлери Икарбек у. А жана Исраилов М. ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-аракетин жүргүзүп, аз убакыттын ичинде кичинекей кызды таап, апасына өткөрүп беришкен.

Өз кезегинде кыздын ата-энеси Милициянын кайгуул кызматкерлеринин ыкчам аракетине ыраазычылыгын билдирген.

Булак: NazаrNews.kg

Последние новости