www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖАМК: Сапар Исаков менен Албек Ибраимов абакка кайта элек

Мурунку премьер-министр Сапар Исаков менен Бишкек шаарынын мурунку мэри Албек Ибраимов жаза өтөп жаткан жайга кайта элек. Бул маалыматты ЖАМКтын басма сөз кызматы бүгүн, 14-октябрда билдирди.

«Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине жаза өтөөдөн баш тартуу болуп катталды», - деп айтылат билдирүүдө.

12-октябрда Сапар Исаков, Албек Ибраимов, С.К.Куланбаев, Б.Ж.Куланбаевге эркиндикке чыгууга берилген уруксаттын мөөнөтү аяктаганы жарыяланган.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, 6-октябрда Жазык-процессуалдык кодексинин 97-беренесинин негизинде абактын аймагынан чыгууга уруксат берилген адамдар буга чейин жазасын өтөп жаткан мекемелерге кайтып барышы керек. Бул талапты аткарбагандарга укук коргоо органдары тарабынан тиешелүү чаралар көрүлөт.

Эске салсак, буга чейин С.А.Авазов, Д.С.Мусакеев, Р.К.Төлөгөнов, А.Р.Калиев жаза өтөө мекемелерине кайтып барышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости