www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 17-августта АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин алдында активисттер «Кумтөр» алтын кенинин айланасындагы сот иштери боюнча акция өткөрүүнү улантып жатат.
Катышуучулар «Центерранын» доо арызы боюнча соттук процесс бүгүн, 17-августта башталарын белгилешип, Нью-Йорк сотун бул ишти калыс кароого чакырууда.
“Нью-Йорк эл аралык соту бизге көңүл буруп, «Центерранын» мыйзам бузууларын эске алсын деп чыктык. Сот Кыргызстандын пайдасына чечим чыгарат деп күтөбүз”, – деди акциянын катышуучусу.
Белгилей кетсек, Кыргызстан «Центерра Голд» компаниясына кенди иштетүүдө экологияга зыян келтиргенине байланыштуу доо коюп, «Кумтөр Голд» ишканасына тыштан башкаруу кирген. Ал эми «Центерра» Нью-Йорк сотуна арыз менен кайрылган.
Булак: NazarNews.kg