www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясий кырдаалдын оорчулугунан улам АКШ Европада В61-12 тактикалык абадан учурулган жаңы ядролук бомбаларды жайгаштырууну тездетүүнү чечти, алар үстүбүздөгү жылдын декабрына чейин европалык аба базаларынан пайдаланууга даяр болот. Бул тууралуу Politico гезити өкмөттөгү булактарга таянуу менен билдирди.

Вашингтондун европалык союздаштары америкалык куралдарды мумкун болушунча тезирээк модернизациялоо идеясынын демилгечиси болгондугу белгиленген. "Орусиянын өзөктүк риторикасынын күчөшүн эске алып, айрым союздаштар күчтөрдүн жана курал-жарактын туруктуу даярдыгын жана билдирүүлөрдүн ырааттуу берилишин камсыз кылуу үчүн НАТО менен консультацияларды улантууну суранышты", - деп айтылат гезиттин колунда болгон документте.

Алгач бомбалар 2023-жылдын жазына чейин жайгаштырылышы керек болчу. Модернизацияланган В61-12 атомдук бомбасынын биринчи сериялык үлгүсү 2021-жылдын декабрь айында чыгарылган жана толук масштабдуу өндүрүш 2022-жылдын май айында башталган. Модернизациянын натыйжасында бомбанын кызмат кылуу мөөнөтү кеминде 20 жылга көбөйөт.

Эске салсак, буга чейин Норвегиянын мурдагы тышкы иштер министри Ине Эриксен Серейде Орусиянын Арктикадагы аракеттерин, анын ичинде деңиз базаларын калыбына келтирүүнү жана коргонуу системасын кайра баштоону НАТО үчүн чакырык деп атаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости