www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пентагон Германиянын Штутгарт шаарындагы АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Европалык командачылыгынын базасында Украинага аскердик жардамдын жеткирилишин көзөмөлдөө борборун уюштурду. Анын милдеттерине 40тан ашык өлкөдөн жеткирүүлөрдү координациялоо жана тездетүү кирет, деп билдирет CNN.

«Бул коопсуздук тутумунун аракеттерин колдоо үчүн түзүлдү», - деди АКШнын Коргоо министрлигинин жогорку даражалуу кызматкери.

Анын фамилиясы көрсөтүлгөн эмес. Борбордун кызматкерлери 15тен ашык штаттын өкүлдөрү, ал эми жетекчиси «эки жылдыздуу америкалык аскер генералы».

АКШ мамлекеттик катчы Энтони Блинкен менен Пентагондун башчысы Ллойд Остиндин Киевге жасаган сапарынан кийин Украинага аскерий колдоону күчөтүүнү убада кылды.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров НАТО Киевди куралдандырып, Орусия менен прокси согушка кирип жатат деп эсептейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости