www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Грузиянын президенти Саломе Зурабишвилиге анын өлкөсү Орусияга санкцияларды айланып өтүүгө жардам бербеши керектигин айтты.
"Салливан Грузиянын санкциялардан качуу аянтчасы болбошу керектигин баса белгиледи", — деп айтылат жума күнү, 10-мартта жарыяланган пресс-релизде.
АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Зурабишвилиге Вашингтон Грузиядагы демократияны колдоону уланта берерин ачык айтты. Ал ошондой эле АКШ чет элдик агенттер боюнча мыйзам долбоорунун чакыртылышына ыраазы экенин белгиледи.
10-мартта АКШ администрациясы менен Евробиримдиктин өкүлдөрү Орусияга каршы санкциялардын бузулушун ооздуктоо чараларын кеңейтти. Жаңы биргелешкен чаралар дүйнө жүзү боюнча үчүнчү өлкөлөрдөн келген кошумча субъекттерге багытталган. Тараптар экономикалык чектөөлөрдү күчөтүү боюнча биргелешкен ишти улантууну макулдашты.
Булак: NazarNews.kg