www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ирандын Жогорку лидери Можтаба Хаменеи АКШ менен кол коюлган меморандум боюнча элге кайрылды. Ал бул тууралуу X социалдык тармагындагы баракчасында жазган.
- Менин меморандум боюнча башкача пикирим бар болчу. Бирок Улуттук коопсуздук боюнча Жогорку кеңештин төрагасы катары урматтуу Президент өзүнүн жана Кеңештин мүчөлөрүнүн атынан иран элинин жана Каршылык көрсөтүү фронтунун укуктарын коргоо боюнча милдеттенме алгандыктан, мен ага уруксат бердим. Алар бул үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алууга даяр экенин ырасташты, - деди Хаменеи.
Жогорку лидер ошондой эле Иран менен АКШнын президенттеринин ортосундагы келишимге кол коюлганын билдирди:
- Бул баскычка жетүү үчүн ирандык расмий өкүлдөр олуттуу аракеттерди жумшашты. Трамп болсо айласы кеткендиктен, бул натыйжага жетүү үчүн ар кандай кысым көрсөтүү ыкмаларын колдонду, - деп белгиледи Хаменеи.