www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Мамлекеттик департаменти Орусия Ирандан ири көлөмдө баллистикалык ракеталарды алганы тууралуу маалыматтардын фонунда Тегеран менен Москванын ортосундагы аскердик кызматташтыктын кеңейиши "тынчсызданууну" жаратып жатканын билдирди.

21-февралда Reuters агенттиги январдан бери Иран Орусияга төрт жолу жүздөгөн ракета жөнөткөнүн кабарлаган. Ирандын аты-жөнү аталбаган аскердик аткаминери "жакынкы апталарда мындан да көп ракета жөнөтүлөрүн" билдирген.

Бул маалымат боюнча комментарий берген АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Иран менен Орусиянын ортосундагы аскердик кызматташтыктын кеңейиши "бүт дүйнөнү тынчсыздандырышы керектигин" айтты.

"Биз бир канча убакыттан бери Орусия Иран менен баллистикалык ракеталарды алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын эскертип келгенбиз. Бул сүйлөшүүлөр азыр да активдүү жүрүп жатат", - деди ал.

20-февралда Ирандын Коргоо министрлиги Орусия менен аскердик кызматташуусунун "Украинадагы согушка эч кандай тиешеси жок экенин", бул алака ага чейин эле башталганын билдирген.​

Иран ошондой эле Орусияга Shahed учкучсуз учуучу аппараттарын да жеткирип жатканы айтылып келген. Москва аларды Украинанын жарандык инфраструктурасын жок кылуу үчүн колдонууда.

Иран Орусияга дрондорду бергенин четке кагып, Москвага согуш башталганга чейин "аз гана" учуучу аппарат сатканын билдирип келет. Орусия да Украинадагы согушта ирандык дрондорду колдонуп жатканын четке каккан.

Бирок 2023-жылы июлда Орусиянын Коргоо министрлиги ай сайын чыга турган "Армейский сборник" журналындагы макаласы менен согушта колдонулуп жаткан "Герань-2" аттуу дрондор чындыгында Ирандын өндүрүшүндөгү "Шахед-136" учкучсуз учуучу аппараттары экенин ырастаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости