www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын аскердик күчтөрү Ирандын Израилге чабуул жасаган дрондорунун 80ден ашыгын, баллистикалык 16 ракетасын жок кылганын Пентагондун борбордук командачылыгынан билдиришкенин РИА Новости жазды. 

"Европалык эсминецтердин командалыгынын колдоосунда Борбордук командалыктын аскерлери Израилге багытталган Иран менен Йемендин 80ден ашык пилотсуз учактары менен кеминде баллистикалык алты ракетасын жок кылды", — деп айтылат таратылган маалыматта.

Ак үйдөн Ирандын Израилге жасаган чабуулу ийгиликтүү болуп кетсе көзөмөлгө алынбаган кырчылдашууга алып келиши ыктымал деген пикирди айтышкан.

"Эгерде Израиль кайрадан чабуулга кабылса, АКШ коргоого даяр. Анткен менен Иранга жооп кылууга катышпайт. Кошмо Штаттар Тегеран менен чатакташууга умтулбайт жана Жакынкы Чыгыштагы чыңалууну жумшартууда өзүнүн ролун көрүп турат", — деп айтылат билдирүүдө.

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (куралдуу күчтөрдүн элиталык армиясы) апрель айынын башында Израилдин учактары Сириядагы Иран консулдугун талкалаганына жооп иретинде Израилге чабуул жасаган. Ар кыл маалымат булактарга ылайык, кол салуу ондон тарта жүзгө чейинки ракеталар жана пилотсуз учуучу аппараттар, анын ичинде Shahed камикадзе дрондору менен коштолгон.

Израилдин Коргонуу армиясы алардын Куралдуу күчтөрү күчөтүлгөн даярдыкта экенин билдирген. Пентагон Израилди колдой турганын айтты, ал эми Ирандын БУУдагы миссиясы муну Тегеран менен Тель-Авивдин ортосундагы жаңжал деп атап, Вашингтонду "оолак турууга" чакырды. Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Израилге каршы "Чындык убада" операциясы аяктаганын, Тегеран аны улантууну пландабай турганын билдирген эле. Ал эми Израилдин армиясы жекшембиде өкмөт Ирандын чабуулуна байланыштуу жооп кылчу сокку боюнча чечим кабыл аларын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости