www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Камбоджанын премьер-министри Хун Манет менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө Вашингтон Камбоджа менен Таиланддын ортосунда тынчтыкты камсыз кылууга багытталган диалогго көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаменти маалымдады.
Рубио эки өлкөнүн чек арасында уланып жаткан куралдуу кагылышуулар тынчсыздануу жаратып жатканын белгилеп, АКШ президенти Дональд Трамптын тынчтыкка умтулуусун жана Куала-Лумпур келишимдерин толук аткаруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Белгилей кетсек, Таиланд менен Камбоджанын чек арасында куралдуу кагылышуулар 7-декабрда башталган. Тараптар жаңжалдын чыгышы боюнча бири-бирин күнөөлөп келишет. Ошол эле учурда 27-декабрда ок атышууну токтотуу маселеси боюнча жогорку деңгээлдеги биргелешкен жыйын өтөрү маалымдалды.