www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Директорлор кеңеши Казакстанга 3,4 миллиард юандан ашык (болжол менен 500 миллион АКШ доллары) көлөмүндө 15 жылдык мөөнөткө, алгачкы үч жылы жеңилдетилген шарттагы насыя берүүнү жактырды. Каражат бюджеттик башкаруу жана каржы секторундагы реформаларды ишке ашырууга багытталат.
АКШ бул чечимге каршы чыккан. Ал эми АӨБдүн расмий билдирүүсүндө насыянын юань менен берилери көрсөтүлгөн эмес, болгону анын доллардагы эквиваленти гана белгиленген. Банктын акционердик түзүмүндө эң чоң үлүш АКШ менен Японияга таандык (ар бири 15,6 пайыздан), ал эми Кытайдын үлүшү 6,4 пайызды түзөт.
Серепчилер бул кадамды юандын эл аралык ролун кеңейтүүгө багытталган дүйнөлүк тенденциянын бир бөлүгү катары баалашууда. Буга чейин Казакстан Кытайдын карыз рыногуна май айында 3,4 миллиард юань көлөмүндө 1,9 пайыздык үстөк менен «панда-облигацияларды» жайгаштырган. Ал эми апрелде «Самрук-Казына» фонду 3 миллиард юань өлчөмүндө 2,18 пайыздык үстөк менен ушундай эле облигацияларды чыгарган.
АКШнын каршылыгына карабастан чечимдин кабыл алынышы айрым серепчилер тарабынан АӨБ бара-бара Кытай юанды долларга альтернатива катары жайылткан аянтчага айланып жатканын, ал эми Казакстан бул альтернативаны иш жүзүндө сынап көрүп жатканын көрсөткөн белги катары бааланууда.